Биз кимбиз?

мыкты гей альпинисттердин командасы

Дастан / Даник

ЛГБТ активисти, санариптик кочмон, программист

Дастан Касмамытов – анык саякатчы: 5 олкодо жашап, 50го жакын олколорду коруп, 5 тилде кенен суйлой алат. Ал укмуштуудай сонун окуяларды издейт: бир жолу ал Орто Азиядан Германияга велосипед менен келе алган жана азыр 7 чокуну багындырууга камданып жатат.

Дастан Кыргызстанда, кочмон тарыхы бай болгон кооз жана укмуштуу тоо пейзаждары бар олкодо туулган.Ал жерде, озунун туулган олкосундо ал жаратылышты суйуп, анын сулуулугун баалап: жоо журуу , сноуборд , альпинизм, аскаларга чыгуу аркылуу ыракаттанып такшалып келген.

Дастан спортту жана жашоонун активдуу мунозун баалайт. Кайда болбосун, Альп тоолорунда лыжа тебуудо же Берлин шаарындагы жарым-марафондо чуркоодо болбосун, спорт ага рамкалардан чыгууга жардам берет.
Дастан озунун профессионалдуу турмушунда- программист.Азыр ал Германиядагы консалтинг компаниясында разработчик болуп иштейт , ошол еле учурда Берлиндеги Боштондук университетинде информатика факультетинде окуйт ( эгерде 2019 жылы аны ийгиликтуу бутсо, бул анын тортунчу университеттик даражасы болот).

Дастан - гей активист. Ал кыргыздардын арасынан биринчи болуп кыргыз маалымат каражаттарында гейлердин проблемалары тууралуу ачык жарыялап чыккандардын бири. Бул нерсе негативдуу реакцияны жаратып, ал Норвегияда билим алууга жана коопсуз жашоого мажбур болду.

Штеффен

Санариптик ишкер, жетекчи жана укмуштуу окуялардын издоочусу

Штеффен - бир нече стартаптарды, санариптик демилгелерди жана компанияларды негиздеп жетектеген ийгиликтуу ишкер.
Жакында ал доктордук диссертациясын жактап, алдыда Дастан жана башкалар менен биргеликте ар бир континенттин эн бийик жети чокуларын багындырууну озу чон максат кылып койду.
Альпинизмде Штеффендин тажрыйбасы азыраак болгон менен , ал спортту жактап, бийик интенсивдуу машыгууларында озун электрошокер менен «кыйнайт». Штеффен сноуборд тепкенди жакшы корот жана Альпадагы лыжалык, сноуборд иш чараларына узгултуксуз катышып турат.
Штеффен – бир санариптик компаниянын сыймыктуу ачык гей директору, ал 2018 жылы Германиянын 100 мыкты жетекчилеринин тизмесине кирген.

Ханс Мартин

Банк ишин мыкты билген адис, жаратылышты суйгон, сыймыктуу норвеж.

Ханс Мартин капитал рыногундагы банк ишин цифровизациялоо жаатында иштеп, турдуу продуктыларды башкарат. Ал дуйнодогу эн бактылуу олкодо- Норвегияда жашайт, жана чыныгы норвеж катары чуркоо лыжаларды тээп , (чатыр) менен походдорго барганды жакшы корот жана командадагы эн мыкты жабдыктар Ханстыккы.

Ханс Мартин жакын арада озунун велоспорттогу узун дистанциядагы жаны дилгирленуусун тапкан. Тышта тийип турган кун ал учун- конулдуу шайыр тамаша: кундун биринчи жебеси анын Ослодогу балконуна тийе баштаганда эле , ал ошол замат гриль койуп таза абада эс ала баштайт.

Альпинизмде тажрыйба топтоп келген Ханс Мартин – пландаштыруунун устаты, анткени бироо уйундо бир нерсесин унутуп калса, турдуу учурлардын баарын эске алган Ханстан тапса болот.

Кристиан

Психиатр, психотерапевт, кинематографист жана глобалдуу кочмон.

Кристиан - Германияда, АКШ,Улуу Британияда жана Канадада билим жана тажрыйба алган окумуштуу- психиатр жана психотерапевт. Ал эл аралык спикер катары оорулуулардын омурунун аягындагы паллиативдуу жардамга жана багууга муктаж болгон адамдарга артыкча конул бурат.
Кристиан- Канададагы Торонто университетинин паллиативдуу жардамынын кафедрасынын доценти жана Улуу Британиядагы Лондондогу Падышалык колледжинин психиатрия, психология жана неврология Институтунун чакырылган лектору болуп иштейт. Мындан тышкары ал адамдардын жашоосунун аягында психосоциалдык , паллиативдик жардам беруу жана багуу Глобалдык институтунун мугалими жана экзистенциялдык терапияны Канадада,Израильде, Турцияда жана Германиядагы окутуу милдеттенмеси бар Европадагы Федерациясынын торагасы.

Кристианды биринчи учурда экзистенциалдык азап чегуу менен тушунуу оз ара байланышы кызыктырат. Ал кандайдыр бир группанын ичиндеги фаворитизм менен башкаларга болгон агрессиялык психологиясына кызыгат. Оздук кайтыш болуунун жана оздук окунуу менен кайгырууну тушунуу - бизге окшобогон башка адамдар менен оз ара катнашыбызга кандайча таасир этет экендиги- Кристиандын азыркы изилдоо темасы болуп эсептелинет.

Мартин

Ишкер, мекеме жетекчиси жана футбол фанаты

Мартин- Европадагы тез онуккон Relaksdays соода компаниясынын башкы директору болуп иштейт. Ал акыркы 13 жылдын ичинде анын компаниясы ийгиликтуу иштешине аракет кылып келе жатат. Мартин Халле- Лейпцигде жашайт жана башка метрополияга кетууну каалабайт. Ал учун жада калса Берлин да , анын суйуктуу шаары Халле менен тен келбейт. Ошентсе дагы ал Халленин ФК сына эмес, Мюнхен Бавариянын ФКсына балким жалгыз туруштук берген БВБ реалдуу оюнчусу учун журогу ооруйт.
Мартин мындан тышкары жаратылышты жана спортту жакшы корот. Аны бала чагынан баштап ата энеси ар бир дем алышта походдорго алып барышчу. Эми биздин Pink Summit командасы менен ал олуттуу треккингге кошулду! Ал биздин командага 2019 жылы , биз Килиманджарого чыгып атканда кошулду.
Мартиндин кее бир артык коргон нерселерин айта кетсек ал: кышка караганда жай, виного караганда пиво, Тундук Кореяга караганда толеранттуулукту артык корот.

Дария

Феминист, фотосуротчу жана проектинин менеджери

Дария Кыргызстандагы феминисттик активдуулук менен 2013 жылдын сентябрынан баштап алектенип келе жатат. Ал 2015 жылы Кыздардын Дуйнолук байгесине ээ болгон Кыргызстан Активист Кыздары демилгесинин координатору жана уюштуруучуларынын бири болуп келген. Орто Азиядагы жаш оспурумдорго арналган - Боктукоргон аттуу биринчи квир журналынын негиздоочулорунун бири болуп эсептелинет.
Дария аналогдук фотосурот тартууга кызыгып , велосипед тепкенди жакшы корот. Ал Жети Чокунун баардыгын багындыра албаса дагы , ал биздин команданын эн маанилуу тузумдорунун бири болуп эсептелинет жана кампанияны ийгилик алып келуучу копчулук аспектилери менен алектенет.

НАПИШИ НАМ